Жогорку Сот Р.Матраимовду кайра кызматка коюу боюнча шаардык сот менен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

    Мезгил

Жогорку Сот Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

 Сот эки инстанциянын соттору Матраимовго карата өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп тапкан.  

 Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын апрель айынан бери өкмөт менен соттошуп келген. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков “ишенимден чыкты” деген жүйө менен кызматтан кетирген. Бирок Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *