Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш иши козголду

Мезгил

Жогорку Соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Анда, айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, КР сот системасынын кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерликиш-аракеттинин объектерин жана мыйзамыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталгандыгы айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган.

2019-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурунку 1 сотуна КРУКМК Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси 319-беренсинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында 303-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *