“Жол бербеймин” деген Жолдошбаевдин жоругу

   Мезгил

Нарындын Турук көмүр кенин учурда 4 ишкана казганы турат. Алардын ичинен ЖК депутаты, “уялчаак депутат” деген каймана аты бар “көмүр королу” Камчыбек Жолдошбаевге тиешелүү “Сардар” ишканасы да бар. “Сардар” ишканасы дагы бир ишкана менен биргелешип, кенге барчу жол куруп, ал тургай кышка карата элди камсыздайбыз деп көмүрдү күпүлдөтө казып да киришиптир.

Кызык жери тигил 2 компания лицензия алып барып, ишин баштаганча Камчыкелер даңгырата жол салып алат да, конкуренттерине жол бербеймин, кайда барсаң анда бар деп жатыптыр. Тагыраагы алар салган жол менен жүк ташуучу унаалар кенге барып, ал эми жүк менен кайтканда башка жол менен түшсүн деген талап коёт. Ал эми короодо кыш күтүп турганда өз алдынча жол салууга убакыт тар болуп турарын Жолдошбаевге конкурент ишканалардын ээлери айтып чыгышты.

Кен казуучулар менен жолугушууга барган Нарындын жаңы губернатору Эмил Алымкулов “убакыт тар, өз ара келишимге келгиле” деген болду. Ансыз да көмүр казуу иши 1 айга кеч башталган. Эгерде кыш оор келип, кар калың жааса жол жабылып, көмүр казуу токтоп калуу коркунучу бар. Бул арада Жолдошбаев жол бербемин деп турат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *