Жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат

 Мезгил

Бишкек жана Чүй облусунда жол инспекторлору планшеттин жардамы менен унаанын чоо-жайын биле алат.  

Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой,  планшеттеги база аркылуу унаа уурдалганы, номурлар жасалма экени, айдоочу айыптарды төлөбөй жүргөнү тууралуу маалыматты ошол жерден билсе болот.

Жабдуулар ошондой эле, аймактагы бардык стационардык постторго тапшырылды.

Белгилей кетсек,  Бишкектеги Кайгуул милициянын кызматкерлери  декабрь айынан тарта  жаңы планшеттер менен иштеп башташкан. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *