Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматкерлерге үчүнчү сынак жарыялады

  Мезгил

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаары боюнча Кайгуул  милицияга кызматкерлерди алуу үчүн сынактын үчүнчү баскычын жарыялады.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой, сынакка катышууга документтер 14-ноябрга чейин кабыл алынат. Ага ылайык, катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар, офицердик кызмат орун үчүн 21 жаштан 35 жашка чейинки жарандар документ тапшырса болот. Андан тышкары эркектердин бою 170 сантиметрден, аялдардыкы 165 сантиметрден кем болбошу керек.

Буга чейин Патрулдук милицияга эки жолу сынак өткөн. Кайгуул милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүшөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *