Жол кырсыгынан эки полковник каза болду

Мезгил

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 полковник каза болуп, 2 офицер ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  кырсык  бүгүн 20-майда  Бишкек-Ош унаа жолунун 97-чакырымында  таңкы саат 06:30дар чамасын катталган.

Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа токтоп турган жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн. Унаанын ичинде түштүктөн Бишкекке келе жаткан аскер кызматкерлери болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жеңил унаанын айдоочусу уктап кеткен.

Каза болгон жана оор абалда ооруканага жеткирилген адамдар Башкы штабдын кызматкерлери болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *