Жол тандабас менен эс алууга барган окуучулардын айынан мектеп директору кызматтан алынды

 Мезгил

Ош шаарындагы  Курмажан датка орто  мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу Ош шаардык  ички иштер башкармалыгы билдирди.

  Маалым болгондой, 11-май күнү Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Сулайман-Тоого жол тандабастар менен барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Автоунаалар Ош шаардык убактылуу токтотулуучу жайга киргизилди.

 Милиция кызматкерлери мектеп  директорун жоопко тартуу боюнча Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Кайрылуунун негизинде мектептин   директору Каныкей Эргешова жумуштан алынды.

  Эске салсак,  Билим берүү жана илим  министри мектеп бүтүрүүчүлөрү  өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *