Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду

 Мезгил

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду.

23 жашка чейинки спортчулар арасында биринчилик Монголиянын Улан-Баатыр шаарында өттү.

Мекендешибиз 60 килограмм салмакта   удаасы менен Дастан Зарлыханов, Мехди Нежад, Туменсогт Болд жана Маниш Маништи жеңип алып, алтын медаль тагынды.

Мындан тышкары, биздин өлкөдөн Роман Ким жана Ренат Ильяз уулу биринчи орундарды алса, Амантур Исмаилов менен Бек Коңурбаев коло медалдардын ээси болушту.

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков былтыркы Азия чемпионатынын күмүш байгечиси жана Кыргызстандын эң мыкты спортчусу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *