Жолдошбаев вице-премьерликке талапкер Асрандиевге: Каражолтой болбой элге инвестиция алып келиңиз

   Мезгил

Учурда Жогорку Кеңеште  вице-премьерликке сунушталып жаткан Эркин Асрандиев менен өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Айдаровду талапкерлиги каралууда.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев Асрандиевди каражолтой болбой акжолтой болуңуз деди.

Депутат өкмөт башчыга: Сиз инвестиция боюнча инвесторду Кыргызстанга алып келип  жатасыз. Бизде Ат-Башы районунда пластикалык центр курабыз деп өйдө төмөн болуп кура албай, элдер каршы болуп жатат. 0,1 уйгурлар  элди акча берип бузуп атат. Мухаммедкалый Дуйшекеевич ошону өзүңөр барып туздөп койсоңор болбойбу. Же болбосо ал жерге мурдагы губернатор Аманбай Кайыповду  жиберип жатасыңар аны эл эттүү кесмеге да чакырбай калган-деди.

  Муну менен катар эле депутат вице-премьерликке сунушталып жаткан Эркин Асрандиевге  каражолтой болбой акжолтой болуп инвестиция алып келиңиз деди.

 -Эркин Шамшидинович, сиз эми акжолтой болуп ошол элге инвестиция алып келип куруп жасаңыз каражолтой болбой.  Мына биринчи баштаган ишиңизди  ушундан баштаңыз деп айтмакчымын.  Себеби ал жерде уйгурлар бар, уйгур байыса катын алат,  кыргыз байыса там салат дегендей ушуну карап көрүп иштеп ошол жерге көбүрөөк инвестиция алып келиңиз-деди.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *