Жолдошум биринчи жубайы менен жарашам деп жатат

   Мезгил

    Менин жигитим бар эле  Нарындан болчу.  Ал менен сүйлөшкөнүмдү апамдар жактырчу эмес.  Ошондой күндөрдө мени ала качып кетти.  Өзүмдүн эле апам отургузуп койду. Той болду тойдун эртеси да болду дегендей.  Жолдошум жакшы көрбөй эле мени ата энесинин сөзү менен алганын айтты. Ыйлап ыйлап кала бердим. Жигитим чалып, ажыраш дейт. Мен апамдардан коркуп ажырашпадым.  Ошентип жүрүп боюмда болду. Курсагымдагы балага 2 ай болгондо күйөмдүн биринчи турмушу болгонун билдим. 

  Кайын энеме айтсам, “ал бизди тоготчу эмес, ошол үчүн кетирип жибергенбиз”- деди. Ал эми күйөөмдүн мени жактырбаганынын себебин билдим. Төрөдүм балама күйөм келген да жок.  Балама өзүмдүн фамилиямды бердим. Мен бала менен алек болуп жүргөндө, биринчи аялы менен жолугуп жүрүптүр. Аялы мага бир күнү  ватсаптан “Мен силерди жашатпайм”- деп  бейтааныш номер менен  жазды.  Ар нерсени сүйлөп жазат ага дагы көңүл бурган жокмун.  Балам 7 ай болгондо күйөөм “ажырашалы”- деди. 

 Эмне дээримди билбей ыйладым. Кайын энеме айтсам “экөөнүн насиби бир болсо жараша берсин”- деди. Эмне кылаарымды билбей, эртең менен туруп баламды алып шаарга апама кетип калдым. Андан бери алты ай өттү келген жок. Баланы да бирөө сураган жок. Эми мурунку жигитим “үйлөнөлү”- деп  аркамдан жүрөт.  Анын да апасы бар атасы жок “апам макул сен эмне десең ошону кылам”- деп атат. Бирок баламды өз атасы бакканы жакшы го өз атасынан өтөөрү жок кандай кылам.

 

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *