Жоомарт Оторбаев 11 миллион долларды кайда которгон?

  Мезгил

“Sistem Muhendislik” деген түрк компаниясы Акаевдин тушунда эски аэропортубуздун тегерегине “Ак Кеме” деген мейманкана курган. Ушунун ырынан чыры көп болуп, дале болсо куйругуна илген калбырдан арыла албай келет. Эми мурдагы премьер-министр Жоомарт Отробаевди “Sistem Muhendislik” компаниясына ЖКнын уруксааты жок, өз башынча 11 миллион сом өкмөттүн каражатын которуп берген деген айып менен күнөөлөп чыгышты.

Бул тууралуу сотко чейинки териштирүү иши башталгандыгын жактоочу Кайрат Загибаев маалымдады. 2014-жылы Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор  Кырыз Өкмөтүнөн 11,4 миллион сом өндүрүү боюнча токтом токуйт. Буга мыйзамдуу негиз болбосо да Жоомарт Оторбаев бул сумманы которуп салат.

Кыргызстан бул уюм менен эч качан келишим түзгөн эмес жана ЖК аны ратификациядан өткөргөн эмес. Ошондуктан бул борбордун чечимин аткаруу туура эмес болгон.

Бул иш боюнча мейманкананын биринчи ээлери жана орто ченде “Ак Кемеге” ээ боло калган Руслан Сарымсаков прокуратурга жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматка кайрылган. Ушул жылдын август айында иш жанданган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *