Жоошев: Сапар Исаковдун ден соолугу жакшы эмес, абалы оорлошуп баратат

Мезгил

Сапар Исаковдун абалы оорлошуп баратат. Бул тууралуу анын жактоочусу  билдирди.

Жактоочунун айтымында  Сапар Исаков судьядан соттук отурумду жылдырууну өтүнөт. Анткени мурдагы өкмөт башчынын саламаттыгы жакшы эмес.

-Бүгүнкү соттук отурумда “келерки дүйшөмбүгө чейин тынч жатканга мүмкүнчүлүк бергиле» деген өтүнүч киргизебиз. Анткени, Сапар Исаковдун абалы жакшы эмес. Тескерисинче оорлошуп баратат. Ал айыгыш үчүн тынч абалда жатышы керек экен-деди Замир Жоошев.

Эске салсак, ушул жылдын 29-август күнү соттук отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бир жума саламаттагына көңүл буруп алууга жана сот отурумуна түштөн кийин келүүгө уруксат сураган.

Бирок,  өтүнүч толук канааттандырылбай, кийинки отурум 2-сентябрь саат 14:00гө белгиленген. Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыккан.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *