ЖОЖдогу бирдиктүү терезе

   Мезгил

Эми Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жана колледждер бирдиктүү терезе режиминде иштөөгө өтүп, тиешелүү кызматтардын баары бир жерден кызмат көрсөтө баштайт. Мындай аракеттер ЖОЖдордогу бюрократияны жок кылуу жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында жасалууда. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-декабрынан тарта студенттер окуу жайдагы бөлүмдөрдүн ар бирин кыдырып, убакыт кетирбей турган болушту. Башкача айтканда бухгалтерия, студенттик бөлүм, кадрлар бөлүмү, деканат, китепкана, архив, жатакана, паспорт стол жана башка тиешелүү структуралар бир жерден эле маалым кат, диплом жана башка документтерди бере алышат. Кайсы бир кызматты алуу үчүн билим берүү мекемесине келген студентке кайсы ЖОЖдун, колледждин же кесиптик окуу жайдын структуралык бөлүмүнө барыш керектиги тууралуу маалыматтар да берилет.

Мындай аракеттер өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында студенттерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, бюрократияны жок кылуу жана коррупциялык иштердин алдын алуу максатында жасалууда деп билдирген Билим берүү жана илим министрлигинен. Министрлик бул система окуу жайдагы документ иштерин жөнгө саларын убадалап жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *