ЖОЖдордо бюджеттик жана келишимдик негиздеги орундарга кошумча сынак башталды

   Мезгил

Жогорку окуу жайларда бюджеттик жана келишимдик негиздеги орундарга кошумча сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 Маалым болгондой, онлайн кабыл алуунун 3-турунда атайын системага 7 миң 701 талон түштү.

Анын  2 миң 678и бюджеттик орундарга берилсе, 5 миң 23 талон келишимдик негизде билим алууга бөлүндү. Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайлар бош калган орундарга абитуриенттерди кабыл ала баштады.

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 13-август, саат 2ге чейин кабыл алынса, келишимдик негиздеги бош орундарга 18-август, саат 2ге чейин кабыл алынат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *