Жуманазар Халмуратов Казакстан аркылуу Меккеге жөө аттанды

    Мезгил

Коңшу Өзбекстандын Кашка Дарыя облусунун тургуну Жуманазар Халмуратов Мекке шаарына барыш үчүн Казакстан аркылуу жөө жолго чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жуманазар Халмуратов азыркы тапта Каракалпакстан Республикасына жетти. Жолдо катар ага жергиликтүү тургундар жардам берип, коноктоп жатышат.

Зыяратчынын эсептөөлөрүнө ылайык, ал ыйык Мекке шаарына декабрь айында жетет. Таажы ылаңынан улам, Түркмөнстандын чек аралары жабык болгондуктан, ал Сауд Арабиясына Казакстан аркылуу жетүүнү пландап жатат.

Жуманазар Халмуратов буга чейин дагы ажылык сапарга жөө барууга аракет кылганы белгилүү болду. Акыркы жолу Ирандагы согушка байланыштуу ал Сауд Арабиясына жете албай кайра кайткан. Ылайым тилегине жетип, ажылыгы кабыл болсо экен!

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *