Жунушалиев & Турганбаев же “Генералдар тиреши – 2”

   Мезгил

«Манас» аэропортунан өз автоунаасынын багажынан жансыз денеси табылган таксисттин окуясы коомчулукту дүрбөлөңгө салган. Бул кылмыш иши боюнча адам өлтүрүүгө шектүү катары бир нече жолу уурулук жана зордуктоо беренелери менен соттолгон, 1992-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Б.Ч., аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо беренелери менен соттолгон, 1987-жылы туулган Ош облусунун тургуну И.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Кылмышка шектүүлөр кармалган соң ИИМ ЖМК аркылуу “ЖАМКнын жетекчилигинин көзөмөлүнүн жоктугунан шектүүлөр тарабынан каракчылык менен коштолгон киши өлтүрүү жасалган” деген билдирүү тараган. Буга ЖАМКдан:

“Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жатак колониясына түшкөн соттолуучу кайтарууга жана коомчулуктан обочо кармалууга муктаж эмес. Алар апта сайын келип каттоодон өтүп турушат. Ал эми жатак колониясынын аймагынан сырт болуу үчүн жашаган жеринен каттоого туруп, иш менен камсыз болгондон кийин уруксат берилет. Буга мекеменин кызматкерлери менен участкалык милиция инспекторлору көзөмөл жүргүзүшү керек», – деп билдиришкен. Ал эми мекеменин жеткечиси Мелис Турганбаев:

“ИИМ кызматкерлери да иштеш керек, көчөнү көзөмөлдөө алардын милдети”, – деген жооп узаткан.

Кыязы жалаң генералдар менен тирешкенди сүйгөн Кашкар Жунушалиев бул ирет генерал-майор Мелис Турганбаев менен “күч сынашканы” калды окшойт. “Генералдар тиреши – 2” уланабы же карт бөрүлөр карышкырдын көз карашына салып, бирин-бири аңдып отуруп, оюн аяктап калабы? Турганбаевге карата “милициянын ишенимин актабады” деп, кызматынан четтетүүгө негиз табылабы?

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *