Жунушалиев Атамбаев менен 2 жолу ийгиликсиз сүйлөшкөндүгү үчүн кызматынан кол жууйбу?

 

Мезгил

Кой-Таштагы окуя боюнча иликтөө комиссиясы ишин улантып келет. Бул жолу Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун командири Аскат Султаналиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү курал-жарак кантип алынып чыкканын жана Курсан Асанов тууралуу мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумунда айтып берди.

Анын айтымында курал-жарактар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн үчүнчү кабатында кулпу салынган бөлмөсүндө турган. Милиция кызматкерлери куралдарды алып кетүү үчүн түн ичинде келишкен.

Атамбаев менен Кашкар Жунушалиевдин сүйлөшүүсү

Комиссия мүчөлөрү учурда айыпталып жаткан милициянын генерал-майору Курсан Асанов тууралуу да суроолорду жаадырышты. Аскат Султаналиев министр Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен 1-жолу сүлөшүүгө барганда “Алмаз Шаршенович, биз кан төгүүнү каалабайбыз, багынып бериңиз” деген. Ал балдар менен кеңешүүгө убакыт сураган. 15 мүнөттөн кийин 2-жолу барганда министр Атамбаевге убакыт бүткөндүгүн эскерткен. Атамбаев дагы кошумча убакыт сураган. Ал мезгилде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери келип, эшикти бузуп кирүү боюнча план түзө башташкан. Бирок ички эшикти кантип ачабыз деген маселе талкууланып жатканда Курсан Асановдун “Алмаз Шаршенович, бул мен Курсан Асановмун, чыгыңыз” деген үнү угулуп калат.

Атамбаев менен Курсан Асановдун сүйлөшүүсү

Сыртта жүргөн Курсан Асанов келип Атамбаев менен өз алдынча сүйлөшө баштайт. Ал сүйлөшүүнү өздүк телефонуна тарттырат. Асановдун сүйлөшүүсү ийгиликтүү болуп, Атамбаев каршылык көрсөтпөй багынып берет. Бул тууралуу интернеттен видео тасмаларды көрсөңүз болот.

Курсан Асановдун кетирген катасы

Бул жерде Курсан Асановду периштедей мактайлы деген оюбуз жок. Ага коюлган айыптар боюнча, өзүнө тапшырылган сырттагы аскерлерди кароосуз калтыргандыгы анын биринчи катасы. Ал эми экинчи катасы Атамбаевдин үйнөн алынган куралдарды колу менен кармап, шалаакылык кетирген деп ойлойбуз. Ал эми үчүнчү катасы “кызыл баштык” табышмак бойдон калып келет. Балким бул айыптары үчүн кызматтык жаза колдонулса  деле туура болмоктур.

 Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзө албай чабуулга даярдана баштагандыгын моюндайбы?

Аскат Султаналиевдин айткандарына кийин суроо туулат, министр башы менен 2 жолу сүйлөшүүгө барып, Атамбаевди багынып берүүгө ынандыра албай, “мөөнөтүң бүттү” деп коркутуп, ал тургай эшигин буза тартып, чабуул баштаганы калганын эмне үчүн моюндагысы келбейт? Ал эми Курсан Асанов канчалык деңгээлде күнөөлүү болсо да, абалды байкап, чабуулду болтурбоонун алдын алып, кан төгүлбөсүн деген максатта сүйлөшүүгө барган деген жыйынтык чыгарууга болот.

Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия Курсан Асановду актай алабы?

Бул суроого азырынча жооп берүү эртелик кылат. Бирок Аскат Султаналиевдин көрсөтмөсүнөн кийин Асанов боюнча адилет пикир билдирип, ага карата козголгон ишке оң таасирин тийгизе турган жыйынтык чыгарууга комиссиянын кудурети жетет. Ал эми Атамбаев менен 2 жолу сүйлөшүүгө барып, натыйжасыз болгондо чабуул жасап, кан төгүүгө даярданып калган министрдин моралдык жоопкерчилиги тууралуу маселени да так ушул комиссия көтөрө алат. Эмне болгон күндө да Аскат Султаналиевдин комиссияга берген көрсөтмөсү көпчүлүктүн көзүн ачты. Кой-Таштагы окуянын буга чейин көпчүлүккө билинбей келе жаткан дагы бир көшөгөсү ачылды. Эми Асановдун жактоочусу Айткулов ИИМ менен УКМКнын үстүнөн депутаттарга арыз жазып, анысы каралбай жатканына даттана бербей, мамлекеттик комиссияга да арыз менен кайрылса боло турган болуп калды. Эгер комиссиянын ак пейили тутуп калса Асановдун “сөөгүн” агартып, Жунушалиевдин Асанов сүйлөшүүгө барбай койгондо чабуул жасап жиберүүгө план түзүп калганын, Атамбаев менен ийгиликсиз сүйлөшүү жүргүзгөндүгүн эске салып, моралдык жактан күнөөлүү экендигин эскерте турган болсо, министр мырза кызматынан жылмышып калышы ыктымал.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *