Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ, экс-губернатор: “Тез арада элдик бийлик түзүлүшү керек болууда…”

    Мезгил

Жусуп акенин мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү жана тажрыйбасы кенендигинде кеп жок. Калк башына түшкөн азыркыдай сыноодо эл көзүндөгү эрендерибиздин кеп айтышы да өзүнчө мааниге ээ эмеспи? Биз дагы азын-оолак соболдор менен каарманыбызга кайрылдык.

–Жусупжан мырза, таажы ылаңы күн сайын күчүнө кирип, кырдаал коркунучтуу чекке бараткансыйт. Албетте, бул Кудайдын сыноосу деңизчи. А бирок, мындай оор абалда бийлик кандай жолду тандашы керек? Коопсуздугубуз коркунучка кептелгени ыраспы?

–Чындыгында абал күндөн-күнгө аябай оорлошуп баратат. Президент, спикер, премьер-министр өңдүү бийлик төбөлдөрү мурдунун учунан алысты көрө албай, эмне кылышын билбей калгандай… Таажы ылаңына каршы терең, кеңири, алдын-ала аткарылуучу иш чаралары жокко эсе. Бул бийликтегилер бир кенебестикте, кайдыгерликте жана жоопкерсиздик көз карашта жүрүшөт.

Не кылыш керек эле? Жогорку төбөлдөргө сунуш бериңизчи?

–Сунуш берсең-бербесең да төбөлдөрдүн болгону ошол. Радикалдуу кадамдарга баруу керек, бийлик төбөлдөрү «өлбө-жаным – болбо» – дегендин ордуна отставкага кетүүлөрү зарыл. Тез арада элдик бийлик түзүлүшү керек болуп турат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *