Жылдыз төлгөңө карап саркеч бол

Мезгил

Кой жылдызы

Кой жылдызындагылар спорттук кийимдерге жакын келишет. Алар спорттук кийимдерди кийип жүрүүдө өздөрүн ыңгайлуу жана эркин сезишет. Бирок, айымдар спорттук кийимди дайым кийсе да, аялзатына таандык сапаттарды унутта калтырбоосу абзел. Мисалы өзүн алып жүрүү, назик  басуу жана башка.

Букачар жылдызы

Букачарлар модага олуттуу мамиле жасашат. Бирок бир кийимди көп убакыт сынынан кетирбей кийишет. Саркеч кийим тандоодо чоң таланка ээ. Бул жылдыздагы айымдардын табити көп кишиге жагат. Жарашыктуу кийинип, келишимдүү келбет жана бал тили менен бардык адамдардын ишеничине кире алышат. Башка айымдардан өзгөчөлөнгөн кийими менен айырмаланып турушат.

Эгиздер жылдызы

Бул жылдыздагылар стилин тез-тезден алмаштырып турууну жана оргиналдуу деталдар менен кооздонууну жактырышат. Кандай кийим кийбесин саркечтикти изденип, жаш көрүнүүгө аракет кылышат.

Бөйөн жылдызы

Бөйөн жылдызындагы айымдар жаңыланып турууну каалашат. Классикалык тенденцияларды жаштардын стили менен айкалыштырып кийинүүнү билишет. Ар бир мезгилде жаңыланууларды жаратып, изденүү үстүндө жүрүшөт.Түстөргө да өзгөчо көңүл буруп, дайыма жарык маанай менен айланадагыларды өзүно тартып турат.

Арстан жылдызы

Арстан жылдыздагылар заманбап, жогорку сапаттагы баалуу кийимдерди кийишет. Кийимдерин көп деталдар коштоп, жарашыктуу, саркеч кийинип жүрүүгө аракеттенишет. Жеңил жана жылуу кездемеден тигилген ачык түстөгү кийимдерди жактырышат.

Бийкеч жылдызы

Бийкечтер токулган кийимдерге басым жасашат. Ачык же копчүлүктүн көңүлүн бурган кийимдерди кийинүүнүу каалашпайт. Ошондой эле жалтыраган жасалгаларды тагынууну да каалашпайт.

Тараза жылдызы

Тараза жылдызындагылар кандай учур болбосун бир калыпта кийинууну каалашат. Кийимди бапестеп кийгендиктен, гардеробунан арзан кийимди табуу кыйын. Бул жылдыздагы айымдар классикалык стилге басым жасашат.

Чаян жылдызы

Чаян жылдыздагы айымдар саркеч, ачык түстогү баалуу кийимдери менен айырмаланып турууну каалашат. Саркеч кийими менен жагымдуу мактоолорду угууну жактырышат. Айта кетсек, бул айымдар кийингенине жараша боёнгонду да билишет.

Жаачы жылдызы

Жаачы жылдызындагыларга саркечтик эмес таза, тыкан, жарашыктуу кийинүү маанилүү. Кийими тууралуу айланадагылары кандай сын айтышпасын, алардын оюна көңүл буруп да койбойт.

Текечер жылдызы

Текечер айымдар үчүн кийимдин саркечтиги эмес, көңүлүнө туура келүүсү маанилүү.  Эгер, өзүнө жакпаган кийим болсо, баалуу же саркеч  экенине да карабайт. Жарашыктуу, тыкан жана кызыл, кара, боз, күрөң түстө кийинүүү каалашат.

Суупери жылдызы

Сууперилер кычырап кийинүүнү каалашат. Ачык түстөгүу кийимдерди кийүү менен бирге ачык түстөгү боёнгучтарды колдонушат. Бул айымдар эркин журүшүп ,кийинүүгө чек коюуну жактырышпайт.

Балык жылдызы

Балык жылдызындагылар саркечтикке кызыгышпайт. Андыктан сапаттуу кийим алышса, көп убакытка чейин кийишет. Бул айымдар кийимди терең акыл калчап тандашат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *