Зилалиев билдирет: Жакындарымдан бир киши жабыркаса, мен аларды жазалоонун жолун эртеби же кечпи табам

Мезгил

Эскертип коёюн, эгерде менин жакындарымдан бир киши жабыркаса, мен аларды жазалоонун жолун эртеби же кечпи табам. Бул тууралуу экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуусунда айтылат.

Анын айтуусунда бомба» иши жана андан мурунку «салык декларациясы» боюнча иш – мунун баары окшош иштер. Ал тергөөдө мага бир нерсе таап илгиле деген тапшырма берилген, мени эмне кылып болсо да бул жактан чыгарбоо керек деп кошумчалайт.

-Мени «бомба» иши боюнча ишимди жабуудан уялышты, эми алар мени камаганга негиз бар деп эсептешти. Бирок бул андай эмес. «Декларация тууралуу» иштин ойрону чыкканы эми белгилүү болду.

 

Бир жылдан бери мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү иликтенүүсүн чыдамдуулук менен күттүм. Менин ал убакта үмүтүм бар эле. Ал гана эмес былтыр Биринчи май райондук сотунун мыйзамсыз өкүмү чыкканда да мен үндөбөй, аппеляциялык инстанцияда адилеттүүлүккө жетишем деп ишенгем. Бирок Бишкек шаардык соту кайрадан токулган иш боюнча айыптоочу чечим чыгарды.  Эми баары белгилүү болду-дейт Зилалиев.

Ошондой эле ал мага менин кимдир бирөөго жолтоо болуп жатканымды, жана бул иш буйрутма экендигин айтышкан болчу.  Азыр менин туугандарыма жана жакындарыма кысым көрсөтүшүп, коркутушуп, мага каршы көрсөтмө алганга аракет кылып жатышат. Эскертип коёюн, эгерде менин жакындарымдан бир киши жабыркаса, мен аларды жазалоонун жолун эртеби же кечпи табам–деп жазат кайрылуусунда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *