Зилалиевдин иши. Күбө Токтогул 110/Орозбеков дарегиндеги үчүнчү кабатты 19,7 млн сомго ким сатып алганын айтты

  Мезгил

Бүгүн, 8-январда  Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиевдин мыйзамсыз байуу боюнча  соттук иши уланды.   

 Судья соттук отурумду А.Эсенбаев күбө Абдуль Амиданы суракка алуу менен баштады.   

Күбөнүн  айтымында ал Токтогул, 110/Орозбеков дарегиндеги  имаратты курган.

2016-жылы Нурбакыт  аянты 241,8 чарчы метрди түзгөн үчүнчү кабатты киши жашай элек кезинде эле 19млн 705миң 350сомго сатып алган. Ал биринчи жолу бизге келгенде аябай жаш көрүнгөнүнөн сатып аларына  ишенген эмесмин. Ал эми экинчи жолу келгенинде жашы 65-70 жашка барып калган адам менен келген. Үчүнчү жолу дагы бир жаш жигит менен келди биз ошондо нотариустан сатып алуу кагазын каттатып бергенбиз”- деди ал.

Ал эми прокурор ага кайсы бөлмөлөр тиешелүүэкендигин сурады. Күбө  баардык үчүнчү кабаттагы  бизнес-борбор ага тиешелүү экендигин айтты.  Муну менен катар эле прокурор  үчүнчү кабатты Зилалиев сатып алганын кайдан билип калганына кызыкты.  Ал 3-кабатты Зилалиев сатып алганын билбегенин бул тууралуу кийинчерээк билип калганын айтты. 

“Мага кошуналарым Нурбакыт Абдыбеков Зилалиевдин жакын туугандарынан экенин айтты.   Андан кийин бир дагы жолу Нурбакытты көргөн жокмун. Баардык маалыматтарды Ажиканов Марлен билет анткени сатып алуу кагазын ушу адам жасаган. Ал биздин курулуш-инженерибиз”-деди ал.

Адвокат  бул имараттын  эксперттик баасы   чындап эле 338миң 500долларды түзөт же болбосо 23,5млн сом экендигин айтты.

Ал эми күбө үчүнчү кабат 19,7 млн сомго сатылганын билдирди.  “Саткандан кийин жасап түзөө жасадыңарбы”- деп сурады адвокат. Жактоочунун бул суроосуна күбө  андан кийин барбаганын билдирди.

“Мен Нурбакытты болгону эки гана жолу көрдүм биринчи имиратты көргөнү келгенде, экинчи жолу натариустан сатып алуу кагазын жасап бүткөндөн кийин акчаны накталай түрдө колума алдым”-деди ал.

 Жактоочу Нурбакытта мынча көп акча кайдан алганына кызыкты. Ал эми күбө бул тууралуу сурабаганын айтты.   

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *