Зулушев: Чын ыймандай сырыңызды айтыңызчы, бул коррупцияны ооздуктайбы же кагаздын шорубу?

Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Курманкул Зулушев декларация тапшыруу 2002-жылы башталганын бул мамлекетке кандай пайда алып келип жатканына кызыкты.  

Ал мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарына

 “Чын ыймандай сырыңызды айтыңызчы жетекчи адис катары декларация тапшыруу 2002-жылы башталган. Ошондон бери декларация тапшырып келип эми 2025-жылы баардык жарандарга чейин жайылтабыз деп атабыз. Ушул мамлекетке пайда береби же кагаздын шорубу?. Же кайсы бир мамлекетти жөн эле мода үчүн  туурообу. Ушул мамлекетке пайда береби коррупцияны ооздуктайбы? деди депутат.

Эл өкүлүнүн бул суроосуна Эконмика министринин орун басары Дастан Кадыров бул чынында коррупцияны ооздуктай тургандыгын айтты.   

 “Бул чындыгында коррупцияны ооздуктайт. Себеби баардык кирешелерди  көрүп турабыз.  Эгерде ал айлык алса,  эч кандай коррупцияга  кийлигишпесе ал көрсөтө берет андан эч нерсе болбойт” деди ал.

Министрдин орун басарынын бул жообуна канааттанбаган депутат   

-Көрүп турсаңар анда ошончо жылдан бери 10 миң сомдук маяна менен 20 миң долларлык унаа минип жүрөт. Ким жоопко тартылды. Мен ушул мааниде суроо берип жатам, силер маанисин түшүндүңөрбү- деди Зулушев.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *